"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ЖАНЫЛЫКТАР

Президент Садыр Жапаров BIO-KG федерациясына куттуктоо жиберди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров органикалык кыймыл федерациясына  куттуктоосун жиберди.  Бириккен Улуттар Уюмунун ѳнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган Equator Prize сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп табылышы менен Био-KG Органикалык Кыймыл Федерациясын куттуктоо баракчасын жиберген. «Бул сыйлык органикалык айыл чарбасын жайылтуучулардын күжүрмѳн аракети, талыкпас изденүүсү жана эли-жерибиздин келечегине камкордук кѳргѳн умтулуусунун натыйжасында жаралып отурат. Ошондуктан Био-KG Органикалык Кыймыл Федерациясын […]

Кеңири окуу

Талды-Булакта жылдык иш-пландар аныкталды

2022-жылдын 16-февралында Талас областынын Талды-Булак органикалык аймагында жылдык иш пландарды аныктоо максатында фермерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.  BIO-KG органикалык кыймыл федерациясысынын директору негизги иш багыттар боюнча милдеттерди коюп, биримдик жана ынтымак менен жаратман ийгиликтерге жетүүнү каалады.  Талды-Булак «органикалык аймак» долбоору 2014-жылдан баштап ишке кирген, ал биомаданийартүрдүүлүктү жандандырып өнүктүрүп келет.

Кеңири окуу

Көпүрө-Базар аймагы кичи-грант утуп алды

“Ак-кайың – ата мурасым (Копуро-Базар)” коомдук бирикмеси “Rural Development Fund” коомдук фонду тарабынан сунушталган кичи-грант утуп алды. Ал «Дары-чөптөрүн өстүрүү жолу менен ден-соолук жөнүндө кам көрүү жана үй-бүлөлүк бюджетти жакшыртуу» деген программаны ишке ашырат. Бул тууралуу “Көпүрө-Базар” органикалык аймагынын мобилизатору Беккул Темир уулу билдирди. КМОР (Греция) колдоосу менен «Rural Development Fund» коомдук фонду тарабынан жүзөгө […]

Кеңири окуу

Нарында талаа күнү өткөрүлдү

Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы 2021-жылдын 15-сентябрында Орток жана Дѳбөлү органикалык аймактарында «Фермердин талаа күнү» практикалык кѳрсѳтмѳлүү иш-чарасын өткөрүүнү пландаштырып, даярдык иштерин жүргүзүп келди. Анын негизги максаты аталган аймактарда аткарылып жаткан иштер менен жеринде тааныштыруу, бул багытта органикалык фермерлердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу, жерди натыйжалуу иштетип, арбын киреше тапкан фермерлердин алгылыктуу аракетин жайылтуу болуп саналат. Аталган иш-чарага […]

Кеңири окуу

Таласта «Мотивациялык кербен» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында  “Талды-Булак” жана “Көпүрө-Базар” органикалык аймактарында BIO-KG Органикалык Кыймыл  Федерациясы тарабынан уюушлган  “Мотивациялык кербен” тарабынан өттү. Анын максаты  “органикалык аймак”долбоорунун алкагында туруктуу өнүктүрүү идеяларын элге жайылтуу. ФОД координатору Султан Сарыгулов алтымышка жакын жергиликтүү жашоочуларды чогултуп, “бул иш-чарага айылдыктар кызыгуу менен катышты” деп билдирди. Тактап айтканда, чогулушка  жергиликтүү активдер, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, орто мектептин […]

Кеңири окуу