"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ЖАНЫЛЫКТАР

«Био-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын 2023-жылга максаттары

«Био-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясы «Органикалык аймактар» моделин жайылтып, биомаданий ар түрдүүлүктү сактоого, органикалык продукцияны таанууга умтулат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүккоопсуздугуна жетишүүгө активдүү катышууда. Федерация башка кызыкдар тараптар менен бирге Кыргыз Республикасындагы Органикалык Кыймылды өнүктүрүүнү жана өлкөдө туруктуу агрардык саясатты калыптандыруунун негизи катары ОАЧ (ден соолук, экология, чынчылдык, камкордук) принциптерин илгерилетүүнү колдойт. Быйылкы жылы биздин федерация […]

Кеңири окуу

И. Айдаралиев: “Сугат суу көйгөйү өлкөнүн түштүк аймактарында курч”

Республиканын ар бир облусундагы сугат суусуна байланыштуу көйгөйлөр менен таанышып келген демилгелүү топ 13-декабрь күнү борбор калаада ирригация маселелерине байланыштуу конференция өткөрөт. Бул тууралуу BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди: «Республика боюнча ички чарбалык суу каналдарынын абалы өтө начар. Бул келечекте олуттуу маселеге айланышы мүмкүн. Ошол себептен […]

Кеңири окуу

Органикалык аймак долбоору «Бекмолдо» айылдык аймагында ачылат

Бүгүн 16-июнда Талас районундагы Бекмолдо айылдык аймагынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйыны өткөрүлүп, анда органикалык аймак уюштуруу маселеси каралды. Жыйындын жүрүшүндө Органикалык айыл чарбасы жана Органикалык аймак, анын алкагында аткарылуучу иштер тууралуу Био-KG органикалык кыймыл федерациясы тарабынан баяндама жасалды. Катышуучулар органикалык айыл чарбасынын ролун жогору баалап, Бекмолдо айыл аймагындагы Хан-Бүргө, Кенеш, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарын өз […]

Кеңири окуу

BIO-KG федерациясында фермерлердин жыйыны өттү

19-20-майда BIO-KG органикалык кыймыл федерациясында органикалык аймактардын (Нарын, Талас, Ысык-Көл) фермерлеринин жыл сайын өтүүчү чогулуш болду. Катышуучулар Федерацияга өткөн жылдын жетишкендиктери жана аткарылган иштери жөнүндө отчет берип жана салыштырма анализ презентация аркылуу көрсөтө алышты. Ошондой эле жолугушуунун программасында  стратегиялык пландаштыруу боюнча белгилүү эксперт Евгений Рязанов катышты  – ал жакта фермерлер органикалык продукцияны өндүрүү жана илгерилетүү […]

Кеңири окуу

Талды-Булак: агрономдор өсүмдүктөрдүн жогорку өнүшү үчүн үрөн тандоону кантип туура жасоону көрсөтүштү

Талас областынын Талды-Булак органикалык аймагында жазгы талаа иштери жүрүп жатат.   Бүгүн, 24-апрелде, жашылча-жемиш өстүрүү үчүн үрөн тандоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. “Адатта, мындай билим дыйкандарга жакшы түшүм алыш үчүн керек”, – деп белгилешет дыйкандар. Салт боюнча органиктер үчүн мастер-класс өткөргөн агроном Мырзабек Шаршеев үрөндү жакшы өнүп чыгуу үчүн кантип алдын ала даярдоо керектигин – үрөндү […]

Кеңири окуу