"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ЖАНЫЛЫКТАР

ФАО: Олег Гучгельдыев “Органикалык аймак моделин мектеп программасына киргизүү маанилүү”

BIO-KG федерациясынын президенти Искендер Айдаралиев жана федерация мүчөсү Майрамбек Боромбаев ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жоолугушту. Анда Искендер Айдаралиев ФАОнун органикалык аймактарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, BIO-KG мындан ары да кызматташууга кызыктар деди. “Биз, 12 жылдан бери республикада органикалык айыл чарбаны өнүктүрүп келебиз. Кыргызстандын жаратылышын, экологиялык абалын эске алып, федерация түзүп, 12 жылдан […]

Кеңири окуу

Ирригация боюнча мыйзамга толуктоо киргизүү маселеси кеңири талкууланды

10-февралда, КРнын Айыл чарба министрлиги, Суу чарба мамлекеттик агенттиги жана башка тиешелүү чечимдерди кабыл алуучу органдар менен бирдикте республикалык деңгээлде ички чарбачылык ирригация боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү практикага киргизүү пландарын талкуулоо үчүн өткөрүлүүчү тегерек стол өттү. Ага айтылган чөйрөдөгү белгилүү эксперттер, айыл чарба долбоорлорунун кызматкерлери,жергиликтүү өзүн-башкаруу өкүлдөрү, демилгелүү топ, суу пайдалануучулар бирикмелеринин өкүлдөрү жана башка адистер […]

Кеңири окуу

Көпүрө-Базарга мышык тамырынын 10 миң көчөтү келди

Талас районунун «Көпүрө-Базар»айылында жаз жарышка байланыштуу иш-аракеттер көрүлүүдө. Ал аймакта аба-ырайы суук болгон үчүн айдоого талаалар даяр эмес болуп, мышык тамырынын көчөттөрү убактылуу ушундай жерге отуругузулуп жаткандыгы тууралуу аймактын жергиликтүү мобилизаторлору билдирди.   Көпүрө-Базарда мышык тамыры 2020-жылдан бери сыноо участокторуна айдалып, дыйкандар киреше таап башташты. Жылдын башында бул органикалык аймагы RDF фонду тарабынан конкурска катышып […]

Кеңири окуу

«Био-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын 2023-жылга максаттары

«Био-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясы «Органикалык аймактар» моделин жайылтып, биомаданий ар түрдүүлүктү сактоого, органикалык продукцияны таанууга умтулат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүккоопсуздугуна жетишүүгө активдүү катышууда. Федерация башка кызыкдар тараптар менен бирге Кыргыз Республикасындагы Органикалык Кыймылды өнүктүрүүнү жана өлкөдө туруктуу агрардык саясатты калыптандыруунун негизи катары ОАЧ (ден соолук, экология, чынчылдык, камкордук) принциптерин илгерилетүүнү колдойт. Быйылкы жылы биздин федерация […]

Кеңири окуу

И. Айдаралиев: “Сугат суу көйгөйү өлкөнүн түштүк аймактарында курч”

Республиканын ар бир облусундагы сугат суусуна байланыштуу көйгөйлөр менен таанышып келген демилгелүү топ 13-декабрь күнү борбор калаада ирригация маселелерине байланыштуу конференция өткөрөт. Бул тууралуу BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди: «Республика боюнча ички чарбалык суу каналдарынын абалы өтө начар. Бул келечекте олуттуу маселеге айланышы мүмкүн. Ошол себептен […]

Кеңири окуу