19-20-майда BIO-KG органикалык кыймыл федерациясында органикалык аймактардын (Нарын, Талас, Ысык-Көл) фермерлеринин жыл сайын өтүүчү чогулуш болду. Катышуучулар Федерацияга өткөн жылдын жетишкендиктери жана аткарылган иштери жөнүндө отчет берип жана салыштырма анализ презентация аркылуу көрсөтө алышты. Ошондой эле жолугушуунун программасында стратегиялык пландаштыруу боюнча белгилүү эксперт Евгений Рязанов катышты – ал жакта фермерлер органикалык продукцияны өндүрүү жана илгерилетүү үчүн өзүнүн потенциалын өз алдынча изилдеп чыгышы маанилүү экени айтылды.