"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

И.АЙДАРАЛИЕВ: “ОРГАНИКАЛЫК АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ КЕРЕКТӨӨ РЫНОГУ ЧЕКСИЗ”

Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүүгө жардам кылсак деген максатта мындан 2 жыл мурда Агроплатформа коомдук бирикмесин түзгөнбүз. Биз баарыбыз Кыргызстанды агрардык мамлекет деп билебиз. Атка минерлер, баарыбыз экономиканы кантип өнүктүрөбүз дегенде кайрадан эле баягы энергетика, тоо-кен сыяктуу маселелерди көтөрүп жатабыз. Биз агрардык мамлекет болгондон кийин, биринчи иретте айыл чарбасын көтөрүп, Кыргызстанды таанытуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан, айыл чарбасына жардам көрсөтүү үчүн алгач Агроплатформаны түздүк. Мына 20 жылдан бери интеграциялашкан экономика жок деп келдик, бирок бул дагы жакшы болуптур. Бизде Кудай таалам берген жаратылыштык-климаттык шартыбыз бар, суубуз, тоо-ташыбыз кайталагыс таза. 20 жылдан бери биздин дыйкандар химиялык жер семирткичтерди колдонууга мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Бул жерди, сууну сактап калуубузду шарттады.

Андыктан, Кыргызстанды органикалык чөлкөмгө айландырып, дыйкандар өндүргөн продукцияны сапаты боюнча дүйнөлүк деңгээлде органика деп сертификат берип, жакшы баада сатуусуна жол ачсак дейбиз. Себеби, дүйнөдө органикалык же башкача айтканда, табигый таза продукцияларга суроо-талап өлчөөсүз өсүп жатат. Аны сатып-өткөрүүдө проблема болбойт, себеби таза азык-түлүктү керектөө рыногу чексиз. Ушул багыт менен Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк бар . Биз өндүргөн продукцияларыбызды дүйнөгө органика деп таанытып, анан айыл чарбасын, экономиканы көтөрө алабыз деген бекем ишеничтебиз.

Негизи айыл чарбасы менен иштеген ассоциациялар, коомдук бирикмелер көп экен. Алардын бардыгы чаржайыт иштеп жатат. Мына ушулардын башын кошуп, бир максатта иш алып баруу үчүн быйыл “BIO-KG” органикалык кыймыл федерациясын түздүк. Биздин федерация эл аралык органикалык кыймыл федерациясы жана ошондой эле башка өлкөлөрдүн ушундай федерациялары менен байланыштарды түзүп жатат. Декабрдан башында бул багытта иштеген чет элдик донорлордун колдоосу менен айыл чарба форумун өткөрөбүз. Анда биз органика маселесин гана талкуулабастан, дыйкан-фермерлерибиз өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн, кайра иштетүү продукцияларынын көргөзмөлөрүн да уюштурмакчыбыз. Бул биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү чет элдик өнөктөштөргө жакындан тааныштыруу болуп саналат.

Биз дыйкандарга биздин федерацияга кошулгула деп кайрылабыз. Дыйкандардын 3 эле маселеси болот: Мейли, мен органикалык продукцияны өндүрдүм — аны кайда сатам? Экинчиси, минералдык семирткичти эмне менен алмаштырам? Үчүнчүсү, мага органика деп сертификатты ким берет? Төртөнчүсү, кредит болобу же жокпу? Биз федерацияда мына ушул маселелердин баарын чече турган структураларды түзүп жатабыз. Республикабыздагы бул багыттарда иштеп жаткан ар кандай уюм-мекемелердин башын кошуп, дыйкандарыбыздын органикалык айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө ар тараптуу жардам берүүнү көздөйбүз. Органикалык өндүрүштү көтөрсөк, бүгүнкү күндө Өкмөткө койгон көп маселелер чечилип калат. Мисалы, кооперация. Кооперация деле чоңураак чарба түзүп, жерди которуштуруп айдоо маселеси да. Бул органиканын бирден-бир технологиясы. 1-2 гектар жер менен кантип которуштуруп айдоо болсун. Кредиттөөнү жолго коюу керек. Өкмөткө маселе коюп, эгер органиканы айыл чарбасындагы эң негизги багыт деп алсак ошол кредиттерди да органика менен иштеген дыйкандарга берсек деген маселе коюп жатабыз. Ушул маселелерди чогуу чечип, дүйнөлүк масштабда органиканы Кыргызстандын бренди деп алсак деген максат бар. Буга биздин жаратылыштык-климаттык шартыбыз жооп берет.

Экинчиси, Кыргызстанды органика боюнча питомникке айландыруу. Башкача айтканда, келечекте органикалык багытта өнүгөбүз деген мамлекеттер бүт көчөт, уруктарды Кыргызстандан алганга жетишсек дейбиз. Албетте, бул жаңы иш. Бизде органика боюнча ГОСТ (мамлекеттик стандарт) жок. Мунун баарын иштеп чыгышыбыз керек. Андыктан органикага өтүүгө даярдык үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Бардык талаптарды акырындан жасап балким, 5 жылдан кийин Кыргызстандын жарымын органикалык зона кылабыз. Биз азыр министрлик менен да өнөктөш болуп иштеп жатабыз, органикалык өндүрүш боюнча улуттук план иштеп чыгуу зарыл болуп жатат. Ачыгын айтканда Өкмөттүн колдоосуз бул маселени биз жалгыз көтөрө албайбыз, лабораторияларды ачыш керек, сертификат маселесин чечиш керек. Органика жөнүндө мыйзамды биз менен министрлик чогуу иштеп чыгышы зарыл. ГМОго тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору депутат Э. Иманкожоеваны демилгеси менен Жогорку Кеңеште каралып жатат. Биз бардык дыйкандарыбыз менен биргелешип иштөө ниетиндебиз. Элдин турмушун көтөрүү үчүн бизде айыл чарбасын көтөрүүдөн башка жол жок.

Булак: «Айыл Деми»

Автор: Бегим Турдалиева