"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

2017-2022-жылдарга карата органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2017-жылдын 2-августу № 459

2017-2022 жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:— 2017-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясы (мындан ары — Концепция) 1-тиркемеге ылайык;— Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары — Иш-чаралардын планы) 2-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор:— Иш-чаралардын планын өз учурунда жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыздашсын;— ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2-тиркеме 2017-2022- жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/100185/10?cl=ky-kg&mode=tekst