"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Талды-Булак: агрономдор өсүмдүктөрдүн жогорку өнүшү үчүн үрөн тандоону кантип туура жасоону көрсөтүштү

Талас областынын Талды-Булак органикалык аймагында жазгы талаа иштери жүрүп жатат.   Бүгүн,
24-апрелде, жашылча-жемиш өстүрүү үчүн үрөн тандоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. “Адатта, мындай билим дыйкандарга жакшы түшүм алыш үчүн керек”, – деп белгилешет дыйкандар. Салт боюнча органиктер үчүн мастер-класс өткөргөн агроном Мырзабек Шаршеев үрөндү жакшы өнүп чыгуу үчүн кантип алдын ала даярдоо керектигин – үрөндү кайсы убакытта даярдап, кандай идиште жана кандай температурада сактоо керектигин айтып берди. Эске салсак, Талды-Булак айылында 2016-жылдан баштап  “органикалык аймактар” долбоору ишке ашырылып жатат. Мисалы, мурда ал жерде картошка, сабиз, сарымсак өстүрсө, бүгүнкү күндө ал жакта капуста, жашыл, экзотикалык жашылчалар, жада калса мөмө – жемиштер-малина жана карагат өстүрүлөт. Малина-карагаттын көчөттөрүн федерациянын координаторлору Ысык-Көл областынан алып келишет.

Маалымдама: үрөндөрдү себүүгө алдын ала даярдоо алардын өнүп чыгышын жакшыртат, өсүмдүктөрдүн ооруларга туруштук берүүсүн жогорулатат, ошондой эле бош гүлдүн санын азайтат.