"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Таласта «Мотивациялык кербен» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында  “Талды-Булак” жана “Көпүрө-Базар” органикалык аймактарында BIO-KG Органикалык Кыймыл  Федерациясы тарабынан уюушлган  “Мотивациялык кербен” тарабынан өттү.
Анын максаты  “органикалык аймак”долбоорунун алкагында туруктуу өнүктүрүү идеяларын элге жайылтуу. ФОД координатору Султан Сарыгулов алтымышка жакын жергиликтүү жашоочуларды чогултуп, “бул иш-чарага айылдыктар кызыгуу менен катышты” деп билдирди. Тактап айтканда, чогулушка  жергиликтүү активдер, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, орто мектептин мугалимдери, аксакалдар, “Арыш”, “Эрайым” коомдору жана  “Акшумкар-Кут” жаштар кыймылы катышты.   “Акшумкар-Кут” жаштар кыймылынын өкүлдөрү ички ресустарды мобилизациялоо тажрыйбасы жана айылдын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө айыл жамааттарынын жашоочуларын өзүн-өзү уюштуруудагы иш-аракеттери менен бөлүшүштү. «Программанын сонунда кыргыздын белгилүү акыны Жеңижоктун “Аккан суу” аттуу дастаны аткарылып, элдин кол чабууларына ээ болду – бул
чыгарма бекеринен аткарылган эмес, себеби ал жерде Жер Энеге аяр мамиле кылуу жөнүндө айтылат жана бул чыгарма органикалык аймак долбоорунун идеясына дал келет» – деп билдирди Сарыгулов. Жолугушууга: уруу башчылары, аксакалдар, айылдык активисттер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жамааттардын, айылдык мектептин өкүлдөрү жана аймактардын мобилизаторлору катышышты. Чогулуш учурунда “органикалык аймак” долбоорун ишке ашырууга айыл тургундарын мүмкүн болушунча көбүрөөк тартуу маселелери талкууланды.