Республиканын аймагында дыйкан-фермерлерди өз учурунда жетиштүү сугат суу менен камсыз кылуу милдети негизинен суу пайдалануучулар ассоциацияларына таандык болуп калат. Бүгүнкү күндө Республика боюнча 486 Суу Пайдалануучулар Ассоциациялары уюштурулуп, иштеп жатат. Бирок алардын ишмердүүлүгүндөгү каржылык абалынын төмөндүгү, ички чарбалык канал-арыктар эч кандай ремонтсуз, жараксыз абалында СПАларга өткөрүлүп берилгендиги, Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ички чарбалык каналдар үчүн каражаттын бөлүнбөгөндүгү, ички ирригациялык системаларды жакшыртуу багытындагы мамлекеттик саясаттын жоктугу Суу Пайдалануучулар Ассоциацияларынын мындан ары туруктуу иштеп, өнүгүп кетүүсүнө мүмкүндүк бербейт. Тескерисинче тейлөөнүн жетишсиздигинен жыл сайын суу жетпей калган айдоо аянттарынын саны өсүп, донорлордун жардамы менен ремонттон өткөрүлгөн каналдар жараксыз абалга келүүдө.
Ошондуктан «Өлкөбүздөгү ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу максатында мамлекеттик саясатты жана Мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу боюнча» 2018-жылдын 4-декабрында өткөрүлгөн Улуттук Конференцияда түзүлгөн Демилгелүү Топ тарабынан Хельветас-Кыргызстан уюмунун колдоосу алдында Республикабыздын бардык региондорунда областтык жана райондук аткаруу бийлик органдарынын, Жергиликтүү өз алдынча Башкаруу органдарынын жана Суу Пайдалануучулар Ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу жыйындары өткөрүлүп, «Дыйкандардын талаасын сугат суу менен камсыз кылуу жана ички чарбалык каналдарды тейлөөнүн абалы жөнүндө» маселелери талкууланып чыкты. Жыйындардагы талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сугат сууну жеткирүүдө болуп жаткан көйгөйлөр жана анын келип чыгуу себептери такталып, ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу максатында айрым укуктук-ченемдик актыларга толуктоолорду-өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы сунушталды. Мындан тышкары бул багыттагы иш-чараларды турмушка ашырууга чогуу аракет кылуу максатында ар бир областтан атайын өкүлдөр Демилгелүү топтун курамына кошулуу үчүн шайланышты.Ички ирригациялык системаларды башкаруу, аны күтүү жана дыйканды жетиштүү сугат суу менен камсыз кылуу жыл өткөн сайын кыйындап бара жаткандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан ички сугат суу каналдарын тейлөөнү жакшыртуу маселесине кызыкдар тараптар чогулуп, Демилгелүү топ түзүп, 2 жылдан бери «Хельветас Кыргызстан» сугат сууну башкарууну жакшыртуу долбоорунун колдоосу алдында иш алып барып жатабыз. Демилгелүү топ тарабынан 2018-жылдын
4-декабрында Бишкек шаарында Улуттук Конференцияда атайын Резолюция иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «Ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу максатында мамлекеттик саясатты жана Мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу жөнүндө» кайрылуу кабыл алынып, тийиштүү даректерине жеткирилген. Аталган маселенин актуалдуулугу эске алынып, 2019-жылдын 29-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү Комитетинин көчмө жыйыны өткөрүлүп, анда бир катар Мыйзам актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу милдети тапшырылган. Учурда
бул багытта атайын эксперттер тобу иштеп жатат. Ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу максатында
бир катар Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоорлорду киргизүү ченемдери иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Өнүгүү-Прогресс Паламенттик Фракциясынын сайтында 2019-жылдын 1-августунан тартып, коомдук талкуу үчүн чыгарылган. Учурда аталган Фракция бул Мыйзамдардын
үстүнөн иштеп, биздин ишибиздин алдыга жылуусуна зор колдоо көрсөтүп жатат. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Өнүгүү-Прогресс Паламенттик Фракциясынын лидери, депутат Төрөбаев Бакыт Эргешович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович, Бокоев Кенжебек Сатымкулович, Байбакпаев Экмат Джурукпаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Жээналиев Алмаз Жээналиевич, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Керималиев Жаныбек Калканович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Бахтияр Усманович, Хельветас-Кыргызстан уюмунун өкүлдөрү, ар бир областтан шайланып келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жетекчилери, Демилгелүү топтун мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.