Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров органикалык кыймыл федерациясына куттуктоосун жиберди. Бириккен Улуттар Уюмунун ѳнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган Equator Prize
сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп табылышы менен Био-KG Органикалык Кыймыл Федерациясын куттуктоо баракчасын жиберген. «Бул сыйлык органикалык айыл чарбасын жайылтуучулардын күжүрмѳн аракети,
талыкпас изденүүсү жана эли-жерибиздин келечегине камкордук кѳргѳн умтулуусунун натыйжасында жаралып отурат. Ошондуктан Био-KG Органикалык Кыймыл Федерациясын жана колдоочуларын жеңиши менен дагы бир ирээт куттуктап, күнѳстүү Кыргызстан мекенибизди органикалык ѳлкѳгѳ айландыруу багытындагы аруу тилек иштерине ийгилик каалаймын!» – деген калоо тилектер айтылган. Өткөн 2021-жылы BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы БУУ тарабынан уюштурулган Equator Prize сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп табылган жана приздерге ээ болгон.