Бүгүн 16-июнда Талас районундагы Бекмолдо айылдык аймагынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйыны өткөрүлүп, анда органикалык аймак уюштуруу маселеси каралды. Жыйындын жүрүшүндө Органикалык айыл чарбасы жана Органикалык аймак, анын алкагында аткарылуучу иштер тууралуу Био-KG органикалык кыймыл федерациясы тарабынан баяндама жасалды. Катышуучулар органикалык айыл чарбасынын ролун жогору баалап, Бекмолдо айыл аймагындагы Хан-Бүргө, Кенеш, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарын өз алдынча органикалык аймак катары уюштуруу чечимин кабыл алышты.
Уюштуруу иштерин тез арада бүткөрүүнү айыл кеңешинин төрагасы менен айыл өкмөт башчысына тапшырышты. Жыйын жыйынтыгы менен аталган маселени жергиликтуу кенештин сессиясында карап бекитуу сунушталып, органикалык аймакты өнүктүрүү максатында Био-KG органикалык кыймыл федерациясы менен Бекмолдо айыл өкмөтүнүн ортосунда өз ара кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.
Элдик жыйынга Био-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору И.Айдаралиев, Талас райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К. Турдумбеков, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаров, айыл аймагынын активи, жергиликтүү фермерлер катышты.