"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Нарын областынын жетекчилиги органикалык айыл чарбанын өнүгүүсүнө салым кошот

2021-жылдын 2-мартында BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын өкүлдөрү Нарын областынын жетекчилиги менен жолугушту. Федерациянын аткаруучу директору Искендербек Айдаралиев губернатордун биринчи орун басары Адыл Сапаров менен органикалык айыл чарбанын келечеги жөнүндө талкуулап, органиканын өзгөчө тоолуу аймактарында келечеги кең экени жөнүндө айтып, мисалдарды келтирди. «Жергиликтүү жашоочулар көбүнчө мал багуу менен алектенип, ал тармакта Кыргызстан боюнча Советтер Союзунун доорунан бери алдыңкы орунду ээлеп келээрин, бирок бир катар себептерге байланыштуу нарындыктарга башка да киреше булактар керек болгону барыбызга маалым, ушуга байлашынтуу органикалык айыл чарба толугу менен альтернатива болооруна көзүбүз жетет”– деген ойду билдирди Айдаралиев. Мисал катары, 2020-жылы органикалык фермерлер бир сотка жерден дары чөп эгип, анын кирешеси картошкага салыштырамалуу 3-4 эсе чоң экенин айтып берди Федерациянын директору. Адыл Сапаров органикалык айыл чарбанынөнүгүүсү келечектүү экенине ишенгенин айтты жана толугу менен бул  тармакты колдун келишинче колдоого даяр экендигин билдирди. Анын оюнда, ОАЧ жайылтууда областка жалпы бир координатор дайындалышы зарыл экендигин айтты. Эки тарап органикалык айыл чарбасы тураалуу бир топ макулдашууларды белгилеп алышты.