Үстүбүздөгү жылдын 15-январында BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын демилгеси менен органикалык аймактардын фермерлери «Лекарь» аптека түйүнүнүн коммерциялык директору Расул Жанбоев менен жолугушту. Анда катышуучулар органикалык дары-чөптөрдү фармацевтикалык чөйрөдөгү ээлеген орду менен таанышты жана аларды аптекага өткөрүү жолу тууралуу кеңири талкуулашты. Фармацевтикалык
компаниянын өкүлү, алар иштетип жаткан тармакта дары-дармектер кандай шартта көбүрөөк сатылаарын айтып берди. Мисалы, дары-чөптүн упаковкасы кагаздан болсо жана массасы 25-30 грамм болсо ошондо кардардын кызыкчылыгы көбөйө турганын билдирди.
Андан тышкары товарды сатуудагы факторлору тууралуу белгилеп кетип, штрих-коддун сөзсүз түрдө керектигин айтып берди. ОА фермерлери 14-15 январында Федерацияда жылдык жыйынтык өткөрүү, 2020-жылдын ийгиликтери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Эске сала кетсек, «Лекарь» түйүнү Кыргызстан боюнча 80 аптека ачкан, анын ичинде 34 Бишкекте жайгашкан.