Талас районунун «Көпүрө-Базар»айылында жаз жарышка байланыштуу иш-аракеттер көрүлүүдө. Ал аймакта аба-ырайы суук болгон үчүн айдоого талаалар даяр эмес болуп, мышык тамырынын көчөттөрү убактылуу ушундай жерге отуругузулуп жаткандыгы тууралуу аймактын жергиликтүү мобилизаторлору билдирди.
Көпүрө-Базарда мышык тамыры 2020-жылдан бери сыноо участокторуна айдалып, дыйкандар киреше таап башташты. Жылдын башында бул органикалык аймагы RDF фонду тарабынан конкурска катышып кичи-грант утуп алган. Тактап айтканда «Ак-кайың – ата мурасым» аттуу коомдук бирикмеси «Дары-чөптөрүн өстүрүү жолу менен ден-соолук жөнүндө кам көрүү жана үй-бүлөлүк бюджетти жакшыртуу» деген программаны ишке ашырууда. Беккул Темиркул уулу билдиргендей, кичи-грант тарабынан дары-чөптүн 10 миң көчөтү келген.