"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Органикалык айыл чарба Департаменти менен «BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын өз ара кызматташуу Меморандуму

Аталган Меморандумга ылайык тараптар – өлкөбүздө  органикалык айыл чарбасынын өнүгүшү үчүн керектүү укуктук базаны түзүү, өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду тыгыз өнөктөштүктө  аткаруу, өндүрүүчүлөрдү окутуу, кеӊеш берүү жана колдоо, сертификаттоо иштерин уюштуруу, Органикалык сектордун долбоорлорун ишке ашырууга инновацияны, инвестицияларды тартуу,   Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн талаптарына шайкеш келген органикалык аймактарды түзүү, өндүрүлгөн органикалык жана экологиялык таза продукцияны сатууну уюштуруу, өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү маалыматтык камсыздоо багыттарында тыгыз өнөктөштүктө кызматташат. Бул иш-чаранын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э. Чодуев баштаган аппараттын кызматкерлери, министрликке караштуу департаменттердин, институттардын жана ишканалардын жетекчилери катышты.  Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э. Чодуев “Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү” өлкөбүздүн агрардык тармагынын артыкчылыктуу багыты экендигин
белгилеп, бул максатта BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга кызыкдар экендигин билдирди.