Бүгүн «Дөбөлү» органикалык аймагында ПРООНдун өкүлдөрү менен «Дордой дары» коомунун жетекчиси Дамира Кампабекова менен аймагыбыздагы социалдык жардамга муктаж фермерлер ортосунда чакан жыйын болуп өттү. Жыйындын максаты фермерлерге дары чөптөр менен иштөө боюнча багыт берип , проектинин
негизинде иш алып баруу сунушталды.
Д. Кампабекова өз сөзүндө бул тармак абдан кирешелүү экенин баса белгилеп, өстүрүү ,кайра сатуу жолдорунан бери кылдат түшүндүрмө берди. ПРООН менен биргеликте Фермерлер жана айыл өкмөт жана Дордой дары коомдук уюму катышкан 4 тараптуу келишим түзүлөөрүн айтты. Аймактын фермерлери буюрса бул проектинин негизинде ромашка гүлүн айдап аны кандай киреше булагы катары колдонсо болоорун үйрөнүшөт. Учурда «Дөбөлү» органикалык аймагында жүздөн ашуун органикалык фермер катталган, алар жашылча-жемиш жана дары-чөптөрдү өстүрүп сатыкка чыгарат.