«Био-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясы «Органикалык аймактар» моделин жайылтып, биомаданий ар түрдүүлүктү сактоого, органикалык продукцияны таанууга умтулат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк
коопсуздугуна жетишүүгө активдүү катышууда.
Федерация башка кызыкдар тараптар менен бирге Кыргыз Республикасындагы Органикалык Кыймылды өнүктүрүүнү жана өлкөдө туруктуу агрардык саясатты калыптандыруунун негизи катары ОАЧ (ден соолук, экология, чынчылдык, камкордук) принциптерин илгерилетүүнү колдойт.
Быйылкы жылы биздин федерация төмөнкүдөй максаттарды коюп жатат:
1. Органикалык айыл чарбасына окутуу жана кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
2. Органикалык аймактарды ѳнүктүрүү менен сертификаттоону уюштуруу;
3. Органикалык азыкты кайра иштетүү жана кошумча нарк чынжырын түзүү менен рынокко чыгаруу;
4. Органикалык азыкты туруктуу сатуу үчүн ири соода жайлары
менен кызматташууну уюштуруу.
Бул максаттарга жетүү үчүн бардык кызыкдар тарап менен кызматташып, фермерлер арасында тажрыйба алмашууну жүргүзөбүз. Биз потенциалыбызды арттырып, жер-жерлерде окуу борборлорун
уюштурабыз. 2023-жыл биз үчүн жемиштүү жана ийгиликтин жылы болушун каалайбыз!