Талас областындагы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар органикалык аймактарында өткөрүлгөн “Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникалык эрежелери жөнүндө” окуу-тренинги жөнүндө маалымат.
Талас жана Нарын областтарындагы органикалык аймактарды өнүктүрүү долбоорунун 2019-2020-жылдар үчүн бекитилген иш-чараларына ылайык Талас областындагы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар органикалык аймактарында “Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникалык эрежелери жөнүндө” окуу-тренингин
өткөрүү үчүн иш сапарында болдум. Аталган темадагы окууну Шаршеев Мырзабек өткөрдү. Көпүрө-Базар органикалык аймагында окуу-тренинги 2020-жылдын 26-февралында айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлүп, жалпысынан 32 адам, анын ичинен 2 аял киши катышты. Бул окууга катышкандардын өзгөчөлүгү жаштардын көп катышуусу болду. Окутуу 5 сааттан ашуун өткөрүлүп, суроо-жооп абдан көп болду. Негизги кызыгуу жашылча-жемишти, картошканы жана карагатты өстүрүү маселеси болуп, практикалык негизде окутуп-үйрөтүү, жергиликтүү притомник уюштуруу сунуштарын айтышты. Окуутуудан кийин Алтыбаев Замирдин айылдын этегиндеги жерине барып, биогумус өндүрөм деген жерин көрдүк. Эски сенаж дайындаган жердин бетондолгон жайы экен. Ал жерди жаратпай, чоӊ мал сарайынын бир бурчунда өндүрүү боюнча сунуш берип макулдаштык. Негизи ылайыктуу, керектүү материалдар табыла турган. Ушул жерди даярдап,
типтүү биогумус өндүрө турган жай кылсак боло тургандай. Бул багытта дагы иштей беребиз. Талды-Булак органикалык аймагындагы окуу-тренинги 2020-жылдын 27-февралында айылдык клубда жана Ак-Коргон айылындагы мектепте өткөрүлүп, жалпысынан 45 адам катышты. Бул айылдарда да окууга катышкандардын көпчүлүгү жаштар болуп, кызыгуу менен суроо-жооп ирээтинде өткөрүлдү. Окудан кийин кечки 18.00дөр чамасында Такеев Усейин баккан Романов породасындагы койлорду барып көрдүк. Бир кой эгиз тууп, калганы
жакындап калыптыр. Койлордун багылышы жакшы, эттүү экен. Жергиликтүү койлорду Романов тукумундагы кочкор менен куудуруп, андан түшкөн козулардын кулагы, жону, куйругу Романов породасына окшошуп калыптыр. Андан кийин 2 үйдүн чарбасында болуп, карагат жана кара өрүктү бутоо жана кыйыштыруу боюнча
тренер М. Шаршеев көрсөтмөлүү сабак өтүп берди. Жалпысынан бул жолку окууга кызыгуу жакшы болуп, катышкандар ушундай пайдалуу тренингдерди өтүп туруу, жазгы айдап-себүү учурунда практикалык көрсөтмөлүү сабак өтүп берүү жөнүндө ойлорун билдиришти. Тренер Мырзабек Шаршеев өз милдетин так аткарып, ар бир суроого адис катары жооп берип, кеп-кеӊешин айтты.
BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын Координатору – Боромбаев Майрамбек.