"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ФАО: Олег Гучгельдыев “Органикалык аймак моделин мектеп программасына киргизүү маанилүү”

BIO-KG федерациясынын президенти Искендер Айдаралиев жана федерация мүчөсү Майрамбек Боромбаев ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жоолугушту. Анда Искендер Айдаралиев ФАОнун органикалык аймактарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, BIO-KG мындан ары да кызматташууга кызыктар деди.

“Биз, 12 жылдан бери республикада органикалык айыл чарбаны өнүктүрүп келебиз. Кыргызстандын жаратылышын, экологиялык абалын эске алып, федерация түзүп, 12 жылдан бери системалуу түрдө региондордо органикалык аймактарды түзүп, дыйкандарды ар тараптуу окутуп тынымсыз эмгектенип келебиз. Дыйкандар баштагыга салыштырмалуу тажрыйбалуу болуп калышты. Аларга стимул берүү максатында ар жыл сайын Бишкекте жарманке уюштуруп келебиз. Акыркы жылдары муну айыл чарба министрлиги колго алып, министрилктин деңгээлинде өтүп келет. Бул дыйкандар үчүн чоң мотивация. Өзүңүздөр билгендей эң башкы көйгөй өндүргөн продукцияны сатуу болуп эсептелет. Биздин органик дыйкандарда продукция ири көлөмдө болбогон соң, экспортко чыгуу мүмкүн болбой келет. BIO-KGнин органикалык аймак моделин республикага жайылтып, бара бара экспортко чыксак деген үмүтү бар. Анткен менен алгач Кыргызстандагы жердин экологиялык абалын анализдөө көйгөйү турат”.

Жолугушууда Искендер Айдаралиев органикалык азыктардын сапатын мындан дагы жакшыртып, өндүрүмдүүлүгүн арттырып, экспортко чыгаруу үчүн Кыргызстандагы жердин экологиялык абалын изилдөө сунушун айтты.

Өз кезегинде Олег Гучгельдыев BIO-KGни жакшы компания жана жакшы өнөктөш деп белгилеп, органикалык азыктардын потенциалын анализдөө сунушун инвестициялык планга кошуу керектигин айтты. “Биз ушундай жакшы өнөктөшүбүз бар экенин эске ала жүрүшүбүз керек. ФАОнун башка проекттерин ишке ашырууда BIO-KGни кошуп, Федерация мүчөлөрүн эксперт катары да өнүктүрүшүбүз керек. Органикалык айыл чарба, азык түлүк коопсуздугу десек, агрономсуз эч жака жыла албайбыз. Ошондуктан BIO-KGдей уюм менен кызматташуу маанилүү деп ойлойм. Органикалык аймак моделин мектеп программасына киргизүү зарыл мисалы 12-13 жаштагы балдар органика менен алектене баштаса ага ата-энеси да кызыгат. Муну менен балдардын ден-соолугуна кам көрүп, тамак аш коопсуздугун чече алабыз”.

#тазаазык#чыңденсоолук#органикалыкаймак#biokg