2019жылдын 18 декабрында, Бишкек шаарында «Кыргызстан балын, жаӊгактарын жана органикалык айыл чарбачылык азыктарын экспортко жылдыруу» боюнча Индия-Кыргызстан Бизнес Форуму болуп өттү. Форумда «Органикалык аймактар жана PGS», “Кыргыз балы» туралуу Органикалык Кыймыл Федерациясынын Координаторлору — Асан Алымкулов жана Султан Сарыгулов презентация көргөзүштү. Форумдун соӊунда кызыктар тараптар менен жолугушуулар болду.
Индиянын органикалык биопрепараттарын өндүрүүчүсү биздин органикалык аймактардын фермерлери менен кызматташуу максатында жолугуу ниеттери бар тууралуу оюн айтышты. Индиядагы Кыргызстан өкүлчүлүгүнөн сары майды Индияга экспорттоо боюнча кызыктар тарап бар экен. Эко-этно-агро туризм жаатында кызматташсак деген каалоолор айтылды.