"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Ирригация боюнча мыйзамга толуктоо киргизүү маселеси кеңири талкууланды

10-февралда, КРнын Айыл чарба министрлиги, Суу чарба мамлекеттик агенттиги жана башка тиешелүү чечимдерди кабыл алуучу органдар менен бирдикте республикалык деңгээлде ички чарбачылык
ирригация боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү практикага киргизүү пландарын талкуулоо үчүн өткөрүлүүчү тегерек стол өттү. Ага айтылган чөйрөдөгү белгилүү эксперттер, айыл чарба долбоорлорунун кызматкерлери,жергиликтүү өзүн-башкаруу өкүлдөрү, демилгелүү топ, суу пайдалануучулар бирикмелеринин өкүлдөрү жана башка адистер катышты.Тегерек столдун модератору BIO-KG федерациясынын жетекчиси,
демилгелүү топтун активдүү катышуучусу И.Айдаралиев болду.   Эксперттик топ  КР айрым мыйзам актыларына сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууну жүргүзүү үчүн чогулган. Айрыкча, суу пайдалануучулар ассоциациялардын (СПА) киреше булагы болуп эмнелер эсептелет
деген суроолор талкууланды.  Андан тышкары мүлктү жана сугат тутумдарын менчикке өткөрүп берүү жана аларга карата мүлк укугун ыйгаруу, СПА ишин колдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу,  ж.б. у с. суроолор каралды.