"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

И. Айдаралиев: “Сугат суу көйгөйү өлкөнүн түштүк аймактарында курч”

Республиканын ар бир облусундагы сугат суусуна байланыштуу көйгөйлөр менен таанышып келген демилгелүү топ 13-декабрь күнү борбор калаада ирригация маселелерине байланыштуу конференция өткөрөт. Бул тууралуу BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди:

«Республика боюнча ички чарбалык суу каналдарынын абалы өтө начар. Бул келечекте олуттуу маселеге айланышы мүмкүн. Ошол себептен көйгөй менен жакындан таанышуу үчүн атайын демилгелүү топ түзгөнбүз. Ага айыл чарба тармагын жакшы түшүнгөн адистер жана суу пайдалануучулар ассоциациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу өңдүү уюмдар да кирген. Күз айларында республиканы түрө кыдырып, дыйкандар менен жыйын өткөрүп, ирригацияга байланыштуу көптөгөн маселелерди жеринен көрүп келдик. Иш-чаранын жүрүшүндө сугат сууларына тийиштүү негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн үч багытты аныктап алдык. Биринчи кезекте ички чарбалык арыктарды ремонт кылууга каражат булагын табуу, андан кийин сууга болгон баа саясатын өзгөртүү жана сугат суусун пайдаланып акысын төлөбөй койгон дыйкандарды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле бул тармакты тейлеген суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишин мамлекеттик органдарга өткөрүү талаптары приоритеттүү деп табылды. Мына ушул маселелердин алкагында 13-декабрь күнү Бишкек шаарында ири конференция өтөт»

Аталган иш-чарага ар бир облустан дыйкандар менен жергиликтүү бийлик органдарынан турган делегация, Жогорку Кенештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эксперттер жана демилгелүү топтун өкүлдөрү катышат.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө сугат суусуна байланыштуу маселе өлкөнүн түштүк аймактарында өтө курч экенин кошумчалады.

Маекти томонку даректен укса болот:  https://sputnik.kg/Radio/20191207/1046446417/13-dekabr-konferenciya-irrigaciya-ichki-charbalyk-suu-kanal-kojgoj.html?fbclid=IwAR0_VT62e-tqV0BwC-ktx2gZT-5TgwTipdIUgEuqZAtUrQCP3N6ZIW2nHAE