"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

GIZ долбоору: Кыргызстандын ири өндүрүүчүлөрү жана сатуучулары айыл-чарба маселелерин талкуулашты

Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) демилгеси менен Кыргызстандын ири  өндүрүүчүлөрү жана сатуучуларынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп ал жерде соодага түздөн-түз тиешеси бар айыл-чарба маселелери талкууланды. Тактап айтканда, соода-сатык тармагына келген фермердик өнүмдөрдүн (эт, жашылча-жемиш) абалы жана алардын экологиялык тазалыгы менен өтүмдүүлүгү актуалдуу экендиги айтылды. Бул жолугушуу GIZ коомунун «Жашыл экономика жана Кыргызстандагы менчик өндүрүш тармагын онугуу» аттуу программасынын алкагында уюшулган. Тегерек столго BIO-KG федерациясы жана «Эко Ферма» (Ecomade), «Глобус», «Фрунзе», «У дома» деген соода маркаларынын өкүлдөрү катышты.