Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

Региондордогу сугат суу менен камсыздоо көйгөйлөрүн аныктоожана ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу маселеси боюнча коомдук талкуулар

«BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчилиги менен Нарын жана Ысык-Көл областтарында сугат суусун жеткирүү жана ички чарбалык ирригациялык байланыш көйгөйү боюнча алтынчы регионалдык коомдук талкуулар өттү .Максаты:

Катышуучулар: Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, суу ресурстары боюна мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жана областтык-райондук өкүлдөрү, райондук агрардык өнүгүү башкармалыктары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Суу Пайдалануучулар Ассоциациялары (СПА), Массалык маалымат каражаттары, Демилгелүү Топтун мүчөлөрү.Суу пайдалануучулар ассоциациясы өз учурунда коомдук уюм катары түзүлүп, ички чарбалык каналдарга сугат суусун жеткирүү жоопкерчилигин алган. Райондук суу чарба башкармалыгынын чек арасынан талаага чейин сугат суусу менен камсыздоодо дыйкандардын күткөнү акталган эмес. Бул маселе өлкөнүн бардык аймактарында чоң көйгөй. Арык, каналдарды калыбына келтирип, сугат сууну натыйжалуу пайдалануу үчүн айыл өкмөттөр жардам бере албай чектелип калууда. Алдыда алгылыктуу жана эффективдүү иш алып баруу үчүн парламентке атайын сунуш берилет.